Мьянма чечими БУУда кабыл алынды

26-Дек. 2017, Шейшемби, 12:59

Мьянма өкмөтүнө карата аракандык мусулмандарга карата укук бузууларды, аскердик операцияларды токтотууга чакырган чечим Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясында 10 каршы 122 макул деген добуш менен кабыл алынды.

Россия, Кытай жана Сириядан “каршы” добуш

Ислам кызматташтык уюму тарабынан сунушталган документке Кытай, Россия, Сирия, Мьянма, Камбоджа, Лаос, Филиппин, Вьетнам, Зимбабве жана Белоруссия каршы добуш берди.

Мьянма үчүн атайын өкүл дайындоо талабы

Кабыл алынган чечимде аракандык мусулмандарга жарандык берүү, гуманитардык жардамдарга уруксат жана БУУнун Баш катчысы Антонио Гутерештен Мьянма үчүн атайын өкүл дайындоо талабы коюлган.

Аракандык мусулмандарды этникалык тазалоо

БУУнун маалыматына караганда 700 миңге жакын аракандык мусулман Мьянмадагы зомбулуктардан улам 25-августан бери Бангладешке келген.

Араканда 1970-жылдары 2 миллион мусулман жашаган. Зомбулуктардан улам качып отуруп бул сан 350 миңге жеткен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!