Египетте 15 экстремист дарга асылды

27-Дек. 2017, Шаршемби, 12:42

Бул өлкө тарыхына акыркы жылдардагы массалык өлүм жазасы катары жазылды. Египетте террордук кол салууну уюштуруу менен айыпталган 15 адамга карата өлүм жазасы аткарылды. Бул 2013-жылдагы Синай жарым аралындагы аскердик посттогу террордук кол салууга байланыштуу болду. 9 аскердин өмүрүн алган окуяга тиешеси барлар шейшемби, 26-декабрда эртең менен өлкөнүн эки абагында дарга асылды.

Акыркы мезгилдерде Каирде өлүм жазасы кеңири пайдаланылып келет. Негизинен мындай өкүм түрдүү экстремистик топтордун согушкерлерине, бийликтен четтетилгендердин тарапташтарына, тыюу салынган кыймылдардын өкүлдөрүнө карата чыгарылууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!