Дүкөндөгү жардыруудан он адам жаракат алды

28-Дек. 2017, Бейшемби, 11:32

Санкт-Петербургда шаршемби, 28-декабрда Кондратьевск проспектисинде жайгашкан “Перекресток” дүкөндөр тармагында жарылуу болду. Бактыга жараша адам өмүрү кыйылган жок. Бийликтин маалыматына караганда жаракат алган тогуз адам ооруканага жаткырылды. Окуяда кассалык түзүм, шыптын жарымы жана дубалдын бир тарабы зыян тарткан.

Соода борборуна келгендер катуу жарылууну угушкан. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар супермаркеттин биринчи кабатындагы кампадан колго жасалган жардыруучу түзүм тапкан.

Тергөө комитети окуяга “эки же андан көп адамдын өмүрүнө кол салуу максатын көздөгөн” аракет катары аныктама берди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!