ЮНИСЕФ: Балдар жанкечти жардыргычтарга айланды

28-Дек. 2017, Бейшемби, 18:09

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ) 2017-жылда жаңжал болгон аймактарда балдар үчүн оор жыл болгондугун, аларга кол салуулар ойго келгис деңгээлге жеткенин билдирди. Ошондой эле ЮНИСЕФ согуш жана жаңжалдарда балдар куралга айланып бара жатканын белгиледи.

Билдирүүдө Ирак, Сирия, Йемен, Нигерия, Түштүк Судан жана Мьянманы эл аралык укукка каршы чыккан, балдарды жаңжалдарга тарткан башкы мамлекеттердин катарына киргизилди.

Радикалдардык топтор балдарды уурдап барып араларына кошкону белгиленген рапортто зомбулук, кыйнап үйлөндүрүү, кулга айландыруу сыяктуу көрүнүштөргө дуушар болгону жазылган.

Аталган фонддун директору Мануэль Фонтэйн балдар үйлөрүндө, мектептеринде жана оюн аянтчаларында кол салууга учураганын, айрымдары тамак аш жетишсиздигинен, оорулардан жабыркап жатканын айткан. Ошондой эле жаңжал аймактарында жашаган 27 миллионго жакын бала билимден куру калганын белгилеген.

Балдар жанкечти жардыргыч катары пайдаланылат

Англиянын “Guardian” гезитиндеги кабарда 2017-жылы балдарга карата кыйноолор жана укук бузуулар тизмеленген.

Нигерия, Чад жана Камерунда активдүү болгон Боко Харам уюмунун согушкерлери 135 баланы жанкечти, бомба болууга аргасыз кылган. Бул 2016-жылдагы көрсөткүчтөн 5 эсе көп.

Демократиялык Конго республикасында 850 миң бала жаңжалдардан улам үйлөрүнөн кетүүгө аргасыз болгон. 200 оорукана, 400 мектеп бутага алынган.

Сомалиде 2017-жылдын алгачкы 10 айында эки миңге жакын бала согушка алынган. Түштүк Суданда 2013-жылдан бери куралдуу топторго кошулган балдардын саны 19 миңден ашты.

Йеменде үч жылдан бери уланып жаткан жаңжалдардан улам 5 миңден ашык бала көз жумган. 1,8 миллион бала азык-түлүктүн жетишсиздигинен жабыркап келет.

Бангладешке качкан аракандык мусулмандардын жарымын балдар түзөт.

Афганистанда бул жылдын алгачкы тогуз айында 700 бала өлтүрүлгөн.

Юнисеф жаңжал жүрүп жаткан мамлекеттердин өкмөттөрдү жана аларга каршы тарапты эл аралык мыйзамдарга баш ийүүгө, балдарга карата зомбулуктарды токтотууга чакырды.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!