Санариптик акчада жаңы тренд

29-Дек. 2017, Жума, 12:11

Биткоиндин баасы кескин төмөндөп жатканда дагы бир башка санариптик акча алдыга чыкты. Ал “Ripple XRP” валютасынын баасы 20 пайызга жогорулап, 1,43 доллар деңгээлине жетти.

Токиодогу каржылык кызматтар боюнча “SBI Holdings” жана анын өнөктөшү “SBI Ripple” компаниялары тарабынан “Blockchain” технологиясын пайдаланып чыгарган санариптик “Ripple XRP” акчасынын баасы 20 пайызга көбөйүп, 1,43 долларга жетти.

“Ripple XRP” 54 миллиард доллар рыноктогу баасы менен Биткоин жана Эфириумдан (Ethereum) кийинки үчүнчү крипто валюта болуп калды.

“Ripple XRP” баасы көтөрүлгөндө Биткоиндин баасы 6,51 пайызга төмөндөп, 14.377,02 доллар болду. Ал эми Эфириум 3.77 пайыздык төмөндөө менен 734,60 долларга жетти.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!