Өкмөткө каршы акцияда 52 адам камалды

30-Дек. 2017, Ишемби, 14:16

Элдин нааразычылыгына паракорчулук жана кымбатчылык себеп болгон.

Ирандагы экинчи ири шаар Мешхедде болгон өкмөткө каршы акцияларда 52 адам камакка алынды. Акциялар кийин Кирманшах жана Шираз шаарларында уланды.

Өлкөнүн экинчи ири шаары Мешхедде өткөн акцияга полиция кийлигишип, 52 адамды камакка алган. Социалдык медиа аркылуу уюшкан жүздөгөн демонстрантар президент Хасан Руханиге карата “Диктаторго өлүм” деген ураандарды айтышкан.

Тегеран губернаторлугу акцияларга уруксат берилбей тургандыгын эскерткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!