1,3 миллион долларлык бөтөлкө уурдалды

4-Янв. 2018, Бейшемби, 18:17

Даниянын борбору Копенгаген шаарындагы “Кафе 33” барынан белгисиз адамдар баасы 1 миллион 300 миң долларлык арак уурдалды. Бул туурасында бардын кожоюну, коллекционер Бриан Ингберг кабарлаган.

Анын айтымында бул иш үч мүнөттө ишке ашкан. Ошондой эле ууру дүйнөдөгү эң кымбат деп эсептелген, бөтөлкөсү алтын жана күмүштөн жасалган алты килограммдык "Руссо-Балт" арагын алууну көздөгөнүн кошумчалаган.

Коллекционер бардын жана сейфтин ачкычынын дубликатын жасап алышы толук мүмкүн экендигин айтып, мурдагы кызматкеринен шектенүүдө.

Ингберг жарым жыл мурда бөтөлкөнү брондолгон авто унааларды чыгарган Латвиядагы “Dartz Motorz” компаниясынан прокатка алган. Арак анын коллекцияларынын бермети экендигин, ага кайгырып жатканын билдирген.

Эң кызыгы жоголгон экземплярды “Карточный домик” сериалынан көрүүгө болот. Анда Россиянын президенти Петровдун ролун даниялык Ларс Миккельсен ойногон. Тасмада ал АКШнын президенти Фрэнк Андервудды эксклюзивдүү арак менен коноктогон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!