АКШда Марс планетасынан дагы катуу суук болот

5-Янв. 2018, Жума, 16:26

АКШга тоңдурган суук же “ураган бомбасы” келе жатат. Андай аба толкуну өлкөнү Марстын бетинчелик муздатышы мүмкүн.

Ноель майрамынан бери рекорддук көрсөткүчтө суукка кабылган АКШдагы эми эле 16 адамдын өмүрү кыйылды. Андан да катаал аба ырайы жолдо келе жатканын бул тармакты иликтеген адистер белгилешүүдө.

Бул аптада АКШнын түндүк чыгышында кышкы борошо жана кардын калың жаашы күтүлүп жатканын метеорологдор кабарлашууда. Ал абал боюнча “bombogenesis” же “бомба ураган” деген жаңы термин таап чыгышты.

Муздак аба массасы океандын бетиндеги ысык суунун агымы менен кагылышканда пайда болгон ураган 24 саат ичинде температуранын төмөндөөсүнө алып келет.

АКШнын Чыгыш жактары кышкы бороонго кабыларын эскерткен адистер аймакта Марс планетасынчалык суук болорун кошумчалады. Ошондой эле Нью-Гэмпшир штатында термометр -35 градусту көрсөтөөрүн, зарылчылык болбосо сыртка чыкпоо сунушталды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!