Космостогу мейманканага 40 миллион доллар төлөнөт

5-Янв. 2018, Жума, 17:13

Россиянын Федералдык Космос агенттиги “Росскосмос” Эл аралык космос станциясына люкс мейманкана курууну пландады. Ал жакта 1 же 2 апта жашагысы келгендер киши башына 40 миллион доллар төлөшү керек. Ал эми мейманкананын өзүн курууга 446 миллион доллар керектелет.

Орбитада орун ала турган жайдан миңдеген чакырым алыстыктан Жер жүзүн көрүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Мейманкана атайын кабиналар, Жер жүзүнөн көрүнүштөр тартылган чоң терезелер, даараткана жана машыгуучу жайлары менен бирге “Wi-Fi” кызматы менен камсыздалат. Салмагы 20 тонна, узундугу 15.5 метр болору пландалган жайда 4 уктоочу бөлмө болот. Ал эми ааламга саякат кылууну каалаган кардарларды бирден космонавт коштойт.

Мейманканада 1 же 2 апта калгысы келгендер киши башына 40 миллион доллар төлөшү керек. Ал эми бир ай жүргүсү келгендер бул суммага дагы 20 миллион доллар кошумчалайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!