КГБдагы иши Путинди президенттикке даярдаган

5-Янв. 2018, Жума, 18:27

Россиянын президенти Владимир Путин 50 жылдыгын майрамдап жаткан “Время” программасынын студиясында конокто болду. Анда өлкө башчысы камеранын алдына чыгууну көп жактырбагандыгын айтты.

“Sputnik” агенттигинин билдиргенине караганда Путин мындай деген. “Алгачкы жолу экранга Санкт-Петербургда иштеп жүргөндө чыктым. Андан соң Москвага келип президенттик администрацияда, кийин Мамлекеттик коопсуздук комитетин (КГБ азыркы ФСБ) жетектеп турганда кабаларга чыга баштадым. Айрым темалар боюнча менден маалымат алышчу. Бирок бул мага эч эле жакчу эмес. Эми деле жакшы көрөм деп айта албайм”,-деген.

Дайыма журналисттер менен жүрүү көнүмүшкө айланганы, андан бери өзгөрүүлөр болуп болбогону тууралуу суроолорго төмөндөгүчө жооп берди.

“Жок, оңой эмес экен. Себеп дегенде ар дайым бирөөлөр мени аңдып жүргөндөй сезип, ошого жараша аракет кылып жүрдүм. Балким бул мурдагы кесибиме байланыштуу окшойт”,-деди Путин.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!