Хмеймимге кол салуунун чыгымы белгилүү болду

6-Янв. 2018, Ишемби, 14:32

Жаңы жыл түнү Россиянын Сириядагы Хмеймим базасына кол салуу “Василек-2B9” үлгүсүндөгү миномет менен ишке ашырылганы белгилүү болду.

“Мүнөтүнө 120 даана 82 миллиметрлик ок чыгарган түзүмдүн жалпы салмагы 630 килограмм. Куралды унаанын аркасына оңой чиркештирүүгө болот. Колдонулган куралдан улам кол салуу 5 мүнөтүн ичинде ишке ашканын болжолдоого болот. Бул убакыт аралыгында аз дегенде 400дөй ок атылышы толук мүмкүн”,-деп жазылган.

Ал ортодо Хмеймим базасындагы кол салууга байланыштуу талкуу кызыды. Россиянын Коргоо министрлиги “Кол салынганы чын, бирок бир да учак зыян тарткан жок”,-деген расмий билдирүү тараткан.

Андан кийин бул кабар тууралуу биринчилерден болуп “Коммерсант” гезити жаңы далилдерди жазды.

Сириядагы Хмеймим базасында иштеген кабарчы Роман Сапонков кол салуудан кийин тарткан сүрөттөрүн “ВКонтакте” тармагына жарыялаган. Анда учактардын канаты оңдоого мүмкүн болбогондой талкаланганын көрүүгө болот. Кабарчы “Учактар зыян тартты. Менин эсебим боюнча алты СУ-24 бомбалоочу учак, бир СУ-35 байкоо салган учак, АН-72 жүк ташуучу учак, АН-30 байкоочу учагы жана МИ-8 тик учагы зыян тарткан. Техниктер айрымдарын оңдоп, колдонууга берген”,-деп жазган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!