Мектептерге англис тилине тыюу салынды

8-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 12:06

Иранда башталгыч мектептерге англис тили сабагыны тыюу салынды. Өлкөнүн руханий лидери Аятолла Али Хаменеидин айтымында бул тилди эрте үйрөнүү батыштын маданиятынын үстөмдүк кылуусуна алып келерин айтканын “Reuters” агенттиги жазды.

Ирандын Жогорку билим боюнча мамлекеттик кеңешинин жетекчиси Мехди Навид-Адхам мамлекеттик жана жеке мектептердеги башталгыч класстарга англис тилин окутуу расмий окуу программасындагы мыйзам жана эрежелерге каршы келерин билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!