Актан башка түстөгү унааларга айып пул

8-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 12:52

Түркмөнстанда полиция кара эле эмес, бозомтук жана башка өңдөгү унааларды токтотуп жатканы белгилүү болду. Айрым айдоочуларды кое бергени менен көпчүлүгүнө башка түскө алмаштырууну же такыр эле пайдаланбоону тапшырууда.

Полиция айдоочуларга эч кандай түшүндүрмө бербестен көк, кызыл, жашыл түстөгү унааларды айып пул төлөгөн токтотуучу жайга киргизе баштаган.

Кара унааларга тыюу салган токтом жазуу жүзүндө жарыялана элек. Антсе да МАИ кызматкерлери өз билгендериндей тартипте иш жүргүзүп жаткандай.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 2-январынан баштап Түркмөнстанда кара түстөгү авто унааларды пайдаланууга тыюу салынган. Андан көп өтпөй аялдардын унаа айдоосуна бөгөт коюлганы кабарланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!