Кытай дасыккан адистерге виза берет

8-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 14:10

Кытай бийлиги көп мөөнөттү виза бергени турат. Ал башка мамлекеттердеги жогорку квалифицикациядагы адистерге арналган. Бул тууралуу “ca-news.org” маалымат кызматы жазды.

5-10 жылга чейин берилген виза менен Кытайда 180 күнгө чейин калууга болот. Ошондой эле анын ээси өлкөгө үй-бүлөсүн алып келе алат.

Мындай виза технология тармагындагы адистер, ишкерлер жана талап көп болгон тармактар боюнча окумуштууларга арналган. Бул үчүн арыздар онлайн түрүндө кабыл алынат.

Өлкө бийлиги жаңы шарттан аз дегенде 50 миң чет элдик пайдаланарын болжолдоодо. Ошондой эле Пекин алардын арасында Нобель сыйлыгынын лауреаттары болорунан үмүттөнүүдө.

Ушундай эле “Tier 1 Exceptional Talent” аталышындагы визаны Улуу Британия берет. Ал илим, инженерия, медицина, санариптик технология, гуманитардык илимдер жана искусство тармагындагы дасыккан адистерди тартуу максатында чыгарылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!