Макрондон Си Цзиньпинге жылкы белек

8-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 15:06

Кытайга иш сапары менен барганы жаткан Франциянын президенти Эммануэль Макрон Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпинге жылкы белек кыларын өлкөнүн Тышкы иштер министринин өкүлү Лу Кан тастыктады.

“Айтылгандар туура. Франциянын президенти Эммануэль Макрон КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинге жылкы белек кылганы турат. Франция тарапка мындай достук мамилеси үчүн ыраазыбыз”,-деген брифингде Лу Кан.

Өз кезегинде франциялык ММКлар белеке бериле турган жылкы Кытайга жеткирилгенин, Пекиндеги атканалардын биринде кармалып турганын жазган.

Төрага Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Макрон 8-10-январда расмий сапары менен Кытайда болот. Зыяраттын алгачкы күнүн Сиань шаарында баштады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!