Америкалык аял тетриске турмушка чыгат

8-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 15:49

Калькулятор менен мамилеси жакшы болбой калган Флорида штатынын тургуну Нурул Махджабин Хассан эми тетриске турмушка чыкканы турат. Бул тууралуу “Metro” гезити жазды.

Жыйырма жаштагы кыздын айтымында тетрис менен жакшы мамиледе болгонуна 1 жыл болду. Ошондон бери күнүгө 12 сааттан андагы оюндар менен алектенет.

“Менимче тетрис ушунчалык жакшы жана идеалдуу. Ал башкача ойлонууга шарт түзөт. Бул мага ылайык келе турган адам”,-деген.

Басылманын билдиргенине караганда Хассан тетриске абдан берилген жана андагы оюндарга байланыштуу бардык жагдайларды жакшы билет.

“Metro” басылмасынын жазгандай бул кыз ага чейин Пьер аттуу калькулятор менен жакшы мамиледе болгон. Эми ал окуусун аяктары менен тетриске турмушка чыгат.

Нурул Махджабин Хассан сыяктуу роботтор, жансыз предметтер, ал гана эмес темир жол менен мамиле түзгөндөр акыркы мезгилдерде көп кездеше баштады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!