Эки Корея эпке келеби?

9-Янв. 2018, Шейшемби, 12:25

Түштүк Корея менен Корея Элдик Демократиялык Республикасы (КЭДР) чек араларындагы Пханмунджоме аймагында мамилелерин жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүнүн биринчи айлампасын баштады.

Бул 2015-жылдын декабрь айынан берки биринчи жолугушуу болгону менен айырмаланат. Министрлерде турган делегация жабык түрүндө өттү. Бейшемби, 9-январда башталган сүйлөшүүнүн максаты эки тараптуу мамилени жакшыртуу болуп саналат. Ошондой эле, түндүк кореялык спортчуларды 2018-жылдагы Кышкы олимпиадага катыштыруу жагы талкууланары каралууда.

Белгилей кетсек, 7-январда КЭДР лидери Ким Чен Ын Түштүк Корея менен мамилени жакшыртуу үчүн зарыл шарттарды түзүү жагын тапшырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!