Жаратылыш кырсыктары 306 миллиардга чыгым кылды

9-Янв. 2018, Шейшемби, 15:37

Ураган жана токой өрттөрү АКШга 2017-жылы 306 миллиард долларлык чыгым алып келди. Бул туурасында Океандарды жана атмосфераны изилдөө боюнча улуттук башкармалыктын баяндамасында жазылган.

Анда белгиленгендей “Харви” ураганы 125 миллиард доллар, “Мария” жана “Ирма” бороондору 90 миллиард доллар чыгымга учураткан. Суу ташкындарынын жана кургакчылыктын кесепеттерин жоюуга 23 миллиард доллар жумшалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!