Кыргыз кызын зордуктаган жаран 30 жылга кесилди

10-Янв. 2018, Шаршемби, 11:31

Түркияда Кыргызстандык 22 жаштагы студент кызды зордуктап, тоногон түрк жаранын 30 жылга эркинен ажыраттылды. Бул тууралуу жергиликтүү HABERLER.COM басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, сот зордуктоо үчүн аны 18 жылга жана тоноо үчүн 12 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок, өткөн сот отурумунда айыпталуучу күнөөсүн моюнуна албастан, соттон өзүн актоону өтүнгөн.Буга байланыштуу сот кандайдыр бир жеңилдетүү жагдайларын алуу максатында бул ишти кайра кароодон баш тарткан.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 26-августунда беглисиз адам кыргызстандык кызды Сарыер аймагындагы эстакаданын алдынан чыгып келе жаткан жеринен токтотуп алып, коркутуп-үркүтүү жолу менен зордуктап, андан соң уюлдук телефонуналып кеткен. Жабрылануучу токтоосуз милицияга кайрылып. Кылмышкер байкоо камераларындагы тасмалар боюнча табылган. Ал Фатих Йылмаз аттуу жергиликтүү жаран болуп чыккан. Полиция аны башка шаарга жашырынып кетүүгө аракет кылган кезде кармаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!