Эң бай адамдын акчасы 105 млрд. доллардан ашты

10-Янв. 2018, Шаршемби, 12:45

Дүйнөдөгү ири интернет компанияларынын ээси Жефф Безосс бир нече жылдан бери дүйнөнүн эң бай адамы эсептелип келген Билл Гейтсти ашып өттү. Бул тууралуу “Bloomberg” агенттиги билдирген.

Маалыматка караганда, “Amazon” интернет дүкөнүнүн ээси Жефф Безосстун байлыгы 105 млрд. 1 млн.долларга жеткен.

Анын каражатынын өсүшүнө “Amazon” компаниясынын акциясы жыл башынан бери 6,62 пайызга өскөндүгүнө байланыштуу болгон.

Эскерте кетсек, “Amazon” компаниясы 1994-жылы негизделген. Аталган компаниянын 2016-жылдагы жүгүртүүдөгү каражаты 136 млрд долларга бааланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!