Оппозиционердин аты Вашингтондогу аянтка берилет

10-Янв. 2018, Шаршемби, 14:09

Көз жумган оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун ысымы Вашингтон шаарындагы Россиянын элчилигини алдындагы аянтка берилет. Журналисттер Владимир Кара-Мурза “Twitter” тармагына бул чечим 27-февралда күчүнө кирерин жазган.

Вашингтондун мэриясынын билдирүүсүндө “Борис Немцовдун ысымы аянтка символикалык түрдө ыйгаруу өчпөс эстелик жаратат”,-деп жазылган.

Борис Немцов 2015-жылдын 27-февралында Москва шаарында Кремлдин жанындагы көпүрөдө киши колду болгон. Бул боюнча кармалган адамдар 11 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылган.

Немцовго кол салуу болгон Большой Москворецкий көпүрөсүндө жарандар чакан эстелик тургузган. Аны жактагандар гүл, шам, сүрөттөрдү коюп турушат. Бирок шаар бийлиги тарабынан ал жер дайыма тазаланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!