Шоколаддар жок болобу?

10-Янв. 2018, Шаршемби, 15:47

Көптөгөн окумуштуулар глобалдык жылуулуктан улам какао дарактарынын бардык түрлөрү жок болорун болжолдошууда. Андан улам 2050-жылга чейин шоколад дүкөндөрдүн текчелеринен көрүнбөй каларын белгилешкен.

Температуранын жогорулаганы, андан пайда болгон абанын нымдуулугунун азаюсу Африка кеңдиктеринде мындай дарактардын акырындык менен кыскаруусуна себеп болууда.

Бирок бул маселелер көңүл сыртында калган жок. Өсүмдүктөрдүн түрлөрүн калыбына келтирүү менен алектенген институттар бул маселелерди кароого алды. Жакынкы мезгилдерде какаолордун түрлөрүн лабораториялык шарттарда изилдөөгө алышат. Алар кламаттын өзгөрүүсүнө, кургак абага туруштук берген түрлөрүнө байкоо салышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!