Үйүнө мунай уурдаган адам кармалды

10-Янв. 2018, Шаршемби, 17:41

“The Citizen” гезитиндеги кабарга караганда Танзания-Замбия мунай түтүк тармагы ишканасында (TAZAMA) иштеп жүрүп эс алууга кеткен 63 жаштагы Самвел Килангилани үйүнө түтүк тарттырып алганга жетишкен.

Гезитке маек берген Дар-эс-Салам шаарынын комиссары Бенедикт Китила порт кызматкерлери менен жүргүзгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгында мунай таратуучу түтүктөр тармагынан литрлеген мунайлар жоголуп жатканын байкаганын айткан. Кигамбони аймагынын комиссары Хашим Мгандильва Самвел Килангиланинин үй жагынан чыккан жагымсыз жытка арыздангандар болгонун белгиледи. Булардын жашыруун мунай түтүктөрүн табууга жардамы тийгенин кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!