Уурдалган танк менен уурулук кылды

11-Янв. 2018, Бейшемби, 11:54

Россиянын Мурманск аймагындагы Апатити шаарында кызыктай транспорт кырсыгы жана уурулукка байланыштуу окуя катталды.

Шаарда жашаган жаран түн жарымында айдоочуларды даярдаган жарым аскердик окуу жайдын танкын уурдап чыгып, көчөлөрдү кыдырган. Бурулуштарды аңдай албай көзөмлдү жоготуп, “Семья” аттуу супермаркеттин ичине кирип кеткен. Ууру айдоочу соода жайынын текчесинен бир шише шарап уурдаган соң качууга үлгүргөн.

Көп өтпөй полиция колундагы ичкилигин кармаган мас айдоочуну таап, полиция участкасына жеткирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!