Нью-Йорк энергетика компанияларын сотко берди

11-Янв. 2018, Бейшемби, 13:16

Нью-Йорк бийлиги беш мунай компаниясынан мегаполистин тургундарын климаттын өзгөрүүсүнүн кесепетинен сактоого жумшалган каражат жагынан компенсациялоону суранды.

Бул боюнча арыз сотко жиберилди. Анда шаар азыр учураган жоготуулар, ал XXI кылым бою тийгизе турган таасири жазылган. Ошондой эле климаттагы өзгөрүүлөргө каршы Нью-Йорк мэриясы миллиарддаган долларга муктаж экени, бул таза суу, жээктердин коопсуздугу, таштанды инфраструктурасы, коомдун саламаттыгы боюнча иштерге жумшалары маалымдалган. Булардын тышкары шаар элин деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнөн, күчтүү бороон жана ысыктан коргоого арналган баасы 20 миллиард долларлык программа ишке киргени кошумчалаган.

Энергетика ишканалары күйүүчү майдын казылып алынган түрүн колдонгону атмосферага жана климаттын өзгөрүүсүнө 1980-жылдан бери олутту таасир этип келгени баса белгиленген билдирүүдө бул ишканалар глобалдык ысыктын кесепеттерин билери белгиленген.

“BP, Chevron, ConocoPhillips, Exxon Mobil жана Royal Dutch Shell компаниялары өздөрүнүн иштеринин кесепетерин билген. Антсе да кирешелерин ойлогон. Алардын сараңдыгы бизди ушундай абалга алып келди. Эми элдин коопсуздугу үчүн алар тапкандарын Нью-Йорк менен бөлүшкөнгө туура келет”,-деп жарыялаган мегаполистин мэри Билл де Блазио.

Ошондой эле ал шаардын пенсия фонду нефтегаз жана көмүр компанияларынын инвестицияларынан баш тартарын кошумчалаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!