4 миллион евролук зер буюмдар уурдалды

11-Янв. 2018, Бейшемби, 14:54

10-январда кечинде Париждеги "Ритц" мейманканасына балта менен куралданган беш адам кирип, 4 миллион евролук зер буюмдарын уурдаган.

Акыркы маалыматтарга караганда балтачан адамдар мейманканага кирип, баалуу буюмдар тизилген текчелерди талкалаган. 4 миллион евролук кымбат оокаттарды алган соң изин суутушкан. Ошол эле түнү полиция шектүүлөрдү колго түшүргөнү менен жанынан зер буюмдар табылган эмес.

“Биз мейманкананын барында болчубуз. Беткап кийген адамдар имаратка кирип келишти. Башка эч нерсе айта албайм. Ошол мезгилде оюма ал жактан тезирээк кетүүнү гана келди. Биз кошумча эшик аркылуу качып чыктык”,-деген күбө.

Зер буюмдарын саткан соода жайлар көп жайгашкан бул мода райондо 2014-жылдагы бир нече карактоолордон кийин күзөт күчөтүлгөн. Ага карабастан акыркы эки жылда эки дүкөн тонолгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!