Он үч миң турист карда калды

11-Янв. 2018, Бейшемби, 15:53

Швейцариядагы кышкы Цермат курортунда 13 миңден ашуун турист 2 күн кыйын абалда калышты. Кардын жааганы жайлагандан кийин гана аймакта абал жөнгө келе баштады.

Альпы аймагында өзгөчө кардын жааганы Франциянын түштүк чыгышындагы Савоойя департаментинде кыйын кырдаалды жаратты. Бессан жана Бонваль коммунасынын ортосундагы жолдордо кардын калыңдыгы 7 метрге жетти.
Франциянын метеорологдору мындай кыш 30 жылда бир болорун, 36 саатка созулган кардын жааганы бир нече көчкүлөрдү пайда кыларын болжолдошту.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!