Трамп медициналык кароодон өтөт

11-Янв. 2018, Бейшемби, 17:57

АКШнын президенти Дональд Трамп тактыга отургандан бери биринчи ирет медициналык кароодон өтөт. Бул Америкада талкууларды жаратууда.

Американын эң улгайган президенти делген 71 жаштагы Дональд Трамп тез татымдарды сүйөрү, күн сайын диеталуу кола ичери айтылат. Кеңседеги столундагы баскычы аркылуу официантын чакырары, спорттун түрүнөн гольф ойногонду жактырары белгиленип келет.

Өлкө башчысы Мэриленддеги “Walter Reed National Military” медициналык борборунда текшерүүдөн өтөт. Дарыгери экс-президент Барак Обаманы кезинде дарылаган Ронни Жексон. Медициналык кароо президенттин саламаттыгы жайында болуп болбогонуна жооп табат. Бул боюнча маалыматтын канчасы жарыяланарын өлкө башчысы өзү чечет.

Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда дарыгерлердин кароосунан өткөн. Анда кан басымы, холестерин, шекеринин өлчөмү, ЭКГнын жыйынтыктары жакшы чыккан. Боюна салыштырмалуу салмагы көп экени маалым болгон.

Америка коомчулугу президенттин психикасын талкуулап келет. Ага Майкл Вульфтун “Огонь и ярость” аттуу китебинде Трамптын Ак сарайдагы абалын түшүндүргөн бөлүмдөрү себеп болгон.

Ак сарай “толугу менен фантазия” деп сыпаттаган китепте президент тез татымдарды жактырары, кызматчыларын тез-тез урушары, буюмдарга эч кимди тийгизбей турганы жазылган. Ал эми Трамп ишиндеги, теле көрсөтүүлөрүндөгү ийгиликтерин айтып, саламаттыгы жайында экенин билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!