Мунай танкериндеги өрт өчпөй жатат

12-Янв. 2018, Жума, 11:20

6-январда Чыгыш-Кытай деңизинде кургак-жүк ташуучу кеме менен кагышкан Ирандын мунай танкериндеги өрттү өчүрүү иштери уланууда. Бортунда 32 адам менен байланыш үзүлгөн. Алардын жашоосунан үмүттөнгөн туугандары куткаруу аракеттерин тездетүүнү талап кылууда.

“Биз эл аралык коомчулукту жардамга чакырабыз. Мунай танкеринде балдарыбыз бар. Алар сиздердин жардамга муктаж. Эл аралык коомчулук! Биз жакындарыбызды күтүп жатабыз. Бизге жардам бергиле”,-деген борттогу инженердин апасы кайрылуусунда. Куткаруучулар бейшембиде бир моряктын денесин тапкан. Калгандары дайынсыздардын катарында.

Куткаруу иштерин тездетүүгө аба ырайынын катаал шарттары, катуу шамал, толкун жана жамгыр тоскоолдук жаратууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!