Борошонун кесепеттерин жоюу уланууда

12-Янв. 2018, Жума, 12:36

Астанадагы борбордук акимиат калың жааган кардын жана шамалдын кесепеттерин жоюу иштерине бардык коммуналдык кызматтар кириши. Бул боюнча Астананын акими Асет Исекешев “Facebook” тармагындагы баракчасына жазган.
“Шаар жана анын тегерегиндеги аймактарда магистралдык жана ички кварталдагы жолдор, тротуарлар, ооруканалар жана мектептерге кетчү жолдор тазаланууда”,-деп жазган шаар башчысы.
Карды тазалоо иштерине 1 миң 500 адис, 1 миң 309 атайын техникалар тартылган. Авариялык бригада электр зымдарын, зыянга учураган жол чырактарды оңдоо иштерин аткарууда.

Синоптиктердин маалыматына караганда кардын жаашы жана шамал уланат.

11-январда түнү Астанада секундасына 15 метрге жеткен бурганак болду. Катуу шамалда автотранспорттордун бардык түрлөрүнө тыюу салынды. Ошондой эле коопсуздук үчүн Эл аралык “Нурсултан Назарбаев” аэропортунда учууларды убактылуу токтотулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!