Эт суусундугу элге жакты

12-Янв. 2018, Жума, 13:41

Европада эттен суусундук жасала баштады. Адаттан тыш ичимдик дүкөн текчелеринде жакында гана пайда болду. Кардарлардын купулуна толгондуктан аны дүңүнөн алгандар көбөйдү.

Германиянын Теммельс шаарынын тургуну Питер Классен эт дүкөнүн иштетет. Үч жыл мурда кайнатылган, куурулган, бууга бышырылган эт көп экенин эске алып, андан суусундук жасоону чечкен.

Ал ашпозчулар менен биргеликте ойлоп тапкан рецептке ылайык алгач этти жана жер жемиштерди туурап алат. Аларды кайнаткан соң эзип, шорпого айландырат. Кадимки крем-шорподой көрүнгөнү менен автор айткысы келбеген сырлары бар.

Бүгүнкү күндө “Эттен смузи”, “Ханышанын тоогу", "стейк" сыяктуу үч даам бар. Элдин көбү мындай суюк азыкты биринчи татып отурат. Аялдар жеңилине карап тооктун этинен жасалган ичимдиктерге маани берсе, эркектерге кычкылы жаккан сыяктуу.

Питер Классендин айтымында күнүнө 3 миң шише суусундук сатылат. “Биз полиция кызматы менен келишим түздүк. Укук коргоочулар убакыттын тардыгынан тамактана албаганда биздин ичимдиктерди алышат. Мындай азыктар протеинге бай болгондуктан аскерлер үчүн пайдалуу. Бизге спортчулар да кайрыла баштады”,-деген.

Бул демилгенин ээси келечекте Эларалык Кызыл чырым (Красный Крест) комитети менен келишим түзүүнү пландоодо. Алар эт суусундугун кырсык болгон аймактарга жеткирсек дейт. Анын үстүнө бул азыкты сактоо мөөнөтү бир жыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!