Жаман пикир жазган кардардан өч алды

12-Янв. 2018, Жума, 15:21

Чыгыш Кытайда Интернет-магазиндин ээси жаман пикир жазган кардардан өч алуу үчүн 850 чакырым жол баскан. Сяо Дай аттуу аял товарга акча төлөнгөнүн, ал убагында жеткирилбегенине арызданган. Ачууланган дүкөндүн ээси кызды бетке чаап, бутун чалган жана ага сабак берүү үчүн күнү түн жол басып келгенин айткан.

Сяо “Taobao” аянтынан кийим сатып алган. Бирок үч күн аралыгында тапшырык жиберилген эмес. Ал кыз арызданган пикир жазгандан кийин коркутуулар башталган. Анда ал адам кардарга чалып жеке өзү менен жолугарын айткан.

Полиция ал адамды кармап, камакка алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!