Коалициялык сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкты

12-Янв. 2018, Жума, 16:30

Узак мезгилден бери коалициялык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген Германияда акыры жыйынтыкка жеткендей болду. 109 күндөн бери саясий кризиске кептелген өлкөдө жаңы өкмөттү курууга алгачкы кадамдар ташталды.

Ангела Меркель жетектеген Христиан-демократиялык союз менен Социал-демократиялык партия коалиция түзүү үчүн башкы саясий маселелерде макулдашты.

Тараптар даярдаган 28 барактан турган документ жаңы өкмөттү куроого, сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө негиз болору болжолдонууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!