Кытайда кар жана муз фестивалы өтүүдө (фото)

13-Янв. 2018, Ишемби, 12:24

Учурда кытайдын Харбин шаарында Эл аралык кар жана муз фестивалы болуп жатат. Бул тууралуу “Gazeta.ru” агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, фестиваль 26-ирээт болуп жатат, 5-январда башталып февралга чейин уланмакчы. Дүйнөнүн баардык тарабынан келген скульпторлор өз чеберчиликтерин көргөзөт. Бул жылы Улуу жибек жолунун алкагында жайгашкан шаарлардын меймандостугуна арналып, бийиктиктен ылдый сыйгалануучу аянтчалар менен коштолот. Көргөзмөнүн жалпы аянты 500 миң чарчы метрди түзүп, экспонаттар үчүн 200 миң куб муз керектелген. Күндүн суугуна карабай туристтердин кызыгуусун жаратууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!