Ачка калган эл уйду өлтүрүп, этин бөлүштү

13-Янв. 2018, Ишемби, 13:54

Өкмөткө каршы нааразычылык акцияларда төрт адам көз жумган Венесуэлада ачка алган эл таш, таяк менен сабап өлтүргөн уйдун этин бөлүп жаткан видео социалдык медиада тездик менен тарады. Токмоктон улам жыгылган малды союп жаткан адамдар “ачкабыз” деп кыйкырышкан.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда акыркы күндөрдө үч жүздөй уй ушундай жолдор менен өлтүрүлгөн.

Оппозициянын лидери Карлос Папарони өлкөдөгү азык-түлүктүн тартыштыгын көрсөтүү үчүн бул видеону бөлүшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!