Ракета боюнча эскертүүнүн себеби айтылды

15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 12:37

АКШнын Федералдык комиссиясы Гавайиге берилген ракета боюнча жалган эскертүү штаттын бийлигинин мындай билдирүүлөрдү көзөмөлдөөгө чара көрбөгөнү себеп болгонун билдирди. Бул тууралуу аталган комиссиянын башчысы Эджита Пай белгиледи.

“Гавай өкмөтүндө мындай билдирүүдөн сактануу үчүн зарыл чаралар жок”,-деп жазылган билдирүүдө комиссия болуп өткөндөрдү тыкыр иликтөө зарылдыгы белгилеген.

Эске сала кетсек, 13-январда Гавайиде ракеталык коркунуч тууралуу билдирүү болгон. Тургундарга тезирээк баш калкалоочу жай табуу, бул машыгуу үчүн берилген эскертүү эместиги билдирилген.

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Тынч океан боюнча командачылыгы бул катачылык менен жиберилгендеги кабарлады. Гавайинин губернатору Дэвид Айдж бир кызматкери башка баскычты адашып басып алганын белгилеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!