Трамп: “Мен расист эмесмин”

15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 17:30

АКШнын президенти Дональд Трамптын айрым Латын Америка жана Африка өлкөлөрүн “таштанды тешиктер” катары сыпаттаары айтылган. Трамп айтылгандарды алгач ирет камералардын алдында төгүндөп, “Мен расист эмесмин”,-деди.

АКШнын президентинин сынга кабылуусуна Ак сарайда конгресс мүчөлөрү менен миграция реформасы боюнча жыйында айткандары себеп болду. Анда Трамп айрым Латын Америка жана Африка мамлекеттерин “таштанды тешиктер” деп сыпаттаган эле.

Флоридадагы өзүнүн гольф клубунда журналисттердин “Сиздин расист экениңизди айткандар бар. Бул боюнча кандай ойдосуз”,-деген суроолоруна “Мен расист эмесмин”,-деп жооп берди.

Трамптын сыпаттары Ак сарайдын расмий билдирүүлөрү же жыйындын катышуучулары тарабынан төгүндөлгөн жок. Бирок президенти буларды башынан бери эле танып келет. Болгону өткөн апталарда “Твиттер” тармагында “Жыйында катуу айтып алдым. Бирок анда сөздөрдү колдонгон эмес элем”,-деген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!