Казак лидери АКШда иш сапары менен

16-Янв. 2018, Шейшемби, 11:03

“Өлкө башчысы Вашингтонго иш сапары менен барды. Анда АКШнын президенти Дональд Трамп жана өлкөнүн расмий жана ишкер чөйрөсү менен жолугушат”,-деп кабарлаган Казакстан лидеринин маалымат кызматы.

18-январда БУУнун Коопсуздук кеңешинин жогорку деңгээлдеги “Массалык кыргын кылуучу куралдарды таратпоо: Ишеним чаралары” темасындагы дебат өтөт. Ага Нурсултан Назарбаев төрагалык кылат.

Иш сапар 18-январда жыйынтыкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!