Путинди колдогондор 80 пайызга жетти

16-Янв. 2018, Шейшемби, 11:27

Россиядагы “VTSIOM” борборунун башкы директору Валерий Фёдоров президенттик шайлоого байланыштуу сурамжылоолордун жыйынтыгы тууралуу айтты. “Анкетага катышкандардын көбү Владимир Путинди колдоорун белгилген. Башкача айтканда алар 74.8 пайызды түздү”,-деди.

Фёдоровдун айтымында Путинден кийинки орунда 7.3 пайыз колдоо тапкан Коммунист партиясынан талапкер Павел Грудинин турат. Ал эми Либерал Демократ партиясынан талапкер Владимир Жириновскийди элдин 4.7 пайызы колдоору белгилүү болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!