Турист тоскон жагынан алдыга чыккан ким?

16-Янв. 2018, Шейшемби, 15:41

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк туризм уюму (UNWTO) дүйнөдө бул тармакта алдыңкы өлкөлөрдүн тизмегин түздү. Анда Испания АКШны артка калтырып, экинчи орунда аларын болжолдоду.

Акыркы маалыматтарга караганда 2017-жылы Испанияны зыярат кылган туристтердин саны 7 пайызга көбөйп, 1,3 миллиардга жеткен. UNWTO бул көрсөткүч 2018-жылы уланарын, жер кыдыргандардын саны 4-5 пайызга көбөйөрүн белгилеген.

Тизмеде Франция биринчи

2016-жылы АКШ менен Испанияны болжол менен 76 миллион чет элдик турист зыярат кылган.

Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой өткөн аптадагы билдирүүсүндө 2017-жылы бул тармакта рекорддук көрсөткүч болгонун, мурдагы жылга салыштырмалуу 8 пайызга өскөнүн жана 82 миллион чет элдикти коноктошконун белгилеген.

UNWTO 2017-жылы Европа жана Африка континенттери өткөн жылы туристтердин санында 8 пайыз өсүш болгонун белгиледи.

Азия жана Тынч океандагы өсүш 6 пайыз

Ортоңку Чыгышка барган туристтердин саны өткөн жылдарга салыштырмалуу 5 пайызга, ал эми Американы кыдыргандар 3 пайызга көбөйгөн.

UNWTOнун башкы катчысы Зураб Пололикашвилли “Эл аралык саякат күчтүү өнүгүүдө. Бул абал экономикада туризм секторунун ордун бекемдөөдө”,-деди. Ошондой эле ал туризм дүйнөдөгү эң ири 3-экспорт сектору экенин кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!