Чөл суу сактагычка айланды

16-Янв. 2018, Шейшемби, 17:16

Жакынкы мезгилде суу тартыштыгы күтүлгөн Бириккен Араб Эмирлигинде (БАЭ) Лива чөлүнүн астына дүйнөдөгү эң ири суу сактагыч курулду.

Ири суу кампасынын ачылыш салтанаты 15-январда Абу Даби шаарында өткөн Эл аралык Суу саммитинин алкагында өттү.

БАЭ суу булактары чектүү болгонуна карабастан мунай кирешесинин эсебинен өлкөдө бир топ суу тазалоочу жайларды курган. Эми жасалма жолдор менен дүйнөдөгү эң ири суу корун камдап отурат.

26 милиард литр суу сакталат

Өлкөнүн түштүгүндөгү Лива чөлүндөгү суу сактагычта 26 миллиард литр суу бар. Аны толтуруу алты айга созулду. Өзгөчө кырдаалда күнүнө 100 миллион литр суу менен камсыздай алат.

Анын курулушу 2002-жылы башталган жана 450 миллион доллар жумшалган. Чогулган сууларды ири түтүктөр аркылуу таратат.

10 миллиондой калкы бар БАЭде күнүнө 6 миллиард литр суу керектелет. Аба ырайынын шарттарына жана кирешелерге байланыштуу керектөө жагынан батыштын бир топ өлкөсүнөн алдыда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!