Экономикалык форум: Согуш ыктымалдыгы жогору

18-Янв. 2018, Бейшемби, 13:34

Дүйнөлүк экономикалык форум 23-26-январда Давосто өтө турган жыйындын алдында Глобалдык тобокелчиликтер рапортун жарыялады. Анда дүйнөдө согуш ыктымалдыгы барган сайын көбөйгөнү эскертилген. Ошондой эле экономикага байланышкан тынчыздануулар глобалдык экономикадагы өсүшкө байланыштуу азайганы баса белгиленген.

Аны менен бирге 2018-жылы дүйнөдө күтүлгөн маанилүү коркунучтар катары экологиялык коркунучтарды, глобалдык ысык, экономикалык теңсиздиктер жана кибердик кол салууларды тизмектеген.

Чыңалуу көбөйөт

Дүйнөгө таасир эте турган эң маанилүү коркунуч катары АКШ жана Түндүк Кореянын ортосунда чыңалуу, өзөктүк жаңжал баса белгиленген.

Экономикалык форумдун изилдөөсүнө 1000ге жакын адис, өкмөттүк жетекчилер, ишкерлер жана окумуштуулар катышкан. Глобалдык масштабда геосаясий чыңалуу көбөйүп жатканын белгилеген катышуучулардын 93 пайызы 2018-жылы ири мамлекеттердин ортосунда саясий жана экономикалык мамилелерде келишпестиктер өсөөрүн белгилеген. Ал эми 40 пайызы бул тобокелчиликтер олуттуу чекке жетерин билдирген. Катышуучулардын 79 пайызы мамлекеттер арасында аскердик жаңжал болорун болжолдогон. Ага бир тобу Корея менен Ортоңку чыгышта жаңжалдарды мисал келтирген.

Экономикада абал айырмалуу

Билдирүүдө экономикага байланыштуу тынчсыздануулар глобалдык экономикадагы өсүштөн улам жакшырганы жазылган. Анткен менен айрым мамлекеттердеги карыздардын көптүгү, кирешелердин теңсиздиги олуттуу көйгөй бойдон калып жатканы эске алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!