Казакстанда автобус өрттөнүп 52 киши каза тапты

18-Янв. 2018, Бейшемби, 13:53

Казакстандын Актөбө областында “Икарус” автобусу күйүп кетти. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык 18-январда эртең менен Актөбө областында Иргиз районунда Самара-Шымкент жолунун 1068-чакырымында болгон. Өрт автобус жүрүп бара жатканда чыккан.

Автобустун ичинде 55 жүргүнчү жана 2 айдоочу болгон. Алардын бешөө гана чыгып кетүүгө үлгүргөн. Калган 52 киши кырсык болгон жерде каза болушту.

Учурда каза болгондордун жарандыгы такталып жатат. Айрым маалыматтарга караганда автобуста өзбекстандык жарандар болгон.

Ал эми тирүү калган жүргүнчүлөргө медициналык жардам көрсөтүлдү.

Кырсык болгон жерде Казакстандын полиция кызматкерлери, куткаруучулар жана медиктер иш алыпбарып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!