“Жалган кабар” чемпиондору аныкталды

18-Янв. 2018, Бейшемби, 15:51

АКШнын президенти Дональд Трамп “Twitter» тармагынан “жалган кабарлар” боюнча жеңүүчүлөрдү белгиледи.

Өлкө башчысынын жарыясына караганда бул боюнча биринчиликти “New York Times” гезитинин колумнисти, экономист Паул Кругман алды. Ошондой эле лидер бул боюнча наамга “ABC”, “CNN”, “Time” жана “The Washington Post” медиа борборлору татыктуу экенин белгиледи.

Трамптын мындай билдирүүлөрүнө өз партиялаштарынан каршы пикирлер айтылды.

Республикачыл партиядан аризоналык сенатор Жеф Флайк медиага болгон мамилесинен улам Трапты Сталинге окшотту. Ал өлкө башчысынын медианы “элдин душманы” катары эсептегени абдан кооптуу экенин кошумчалады.

Аталган партиянын дагы бир мүчөсү Жон Маккейн “Washington Post” гезитине жазган макаласында Трампты басма сөзгө кол салууну токтотууга чакырды.

Дональд Трамп тактыга келгенден бери Америка медиасын жалган кабарларды жазганы менен айыптап келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!