Аялдарды кош бойлуу кылган табып камалды

18-Янв. 2018, Бейшемби, 16:55

Гвинея мамлекетинде боюна бүтпөй жаткан аялдарга чөп дарыларды берген, курсагын чоңойтуп кош бойлуу деп эсептегенге түрткү болгон жалганчы “табып” камакка алынды.

Н'на Фанта Камара кайрылган аялдарга чөптөн жасалган дарыларды, жалбырактардан жасалган тундурмаларды берген. Алар курсакты чоңойтуп, кош бойлуудай көрүнүүгө себеп болгон.

Фанта Камарадан 17-45 жаш аралыгындагы 700 аял дарыланганы белгиленүүдө.

Өлкөдө айына орточо киреше 48 доллар болсо, табыпка бейтаптар 33 доллар төлөшкөн. Андан улам полиция Камаранын айына миңдеген долларды тапканын болжолдоодо. Ал эми “табып” болгону бейтаптарга жардам бергенин айтып актанган.

Гвинеянын борбору Конакри шаарында Камара кармалып турган полиция борборунун алдында 200дөн ашык аял нааразылык акциясына чыкты.

Алардан бирөө “Би-би-си” кызматына берген маегинде “Алгач барганыбызда чөп дарыларды берди. Бул жакшы жардам берерин айтып ишендирди. Дарыларды ичип баштаганда ич чоңое баштады. Бираз убакыттан кийин барганда ичти кармап көрүп, кош бойлуу экенибизди айтты”,-деди. Ошондой эле жабырлануучу Камара дарыгерге барбоону сунуштаганын, кош бойлуу экенин билгенде табыпка белек катары тоок жана кездемелер белекке берилерин кошумчалады.

Дарыгер 47 аялды дарылаганын, алардын саламаттыгында көпкө созула турган көйгөйлөр болгонун жана 12-16 айга чейин ичи чоң бойдон сакталып калганын айтты.

Сот Камарага жалган табыпчылыгы, адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратканы үчүн жаза берери күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2006-жылы африкалыктардын 80 пайызы элдик медициналык ыкмалар менен дарыланарын билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!