Европада урагандын курмандыктары онго жетти

19-Янв. 2018, Жума, 11:45

Акыркы маалыматтарга караганда Батыш Европа өлкөлөрүндө урагандын курмандыктары онго жетти.

Бейшемби, 18-январда болгон жаратылыш кырсыктары Германияда алты адамдын өмүрүн алды. Алардын көбү катаал аба ырайынан кабылган жол кырсыктарынан көз жумган.

Ал эми урагандын кесепеттерин жоюу боюнча иштеп жаткан эки өрт өчүрүүчүнү дарак басып калган.

Нидерландарда бейшембиде үч адам көз жумду. Бурганакка байланыштуу Амстердам Схипхол аэропортунда жүздөгөн каттамдар токтотулду.

Бельгияда бороондон улам кулаган бак унаадагы адамды басып калган.

Немис метеорологдорунун маалыматына караганда шамалдын ылдамдыгы секундасына 44,4 метрге жетти. “Deutsche Bahn” темир жол концерни Германия боюнча алыскы каттамдагы поездерди токтотту. Айрым федералдык аймактарда мектептер, балдар бакчасы убактылуу жабылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!