Мыкты крипто борборлор аныкталды

19-Янв. 2018, Жума, 13:28

Нью-Йорк, Куала-Лумпур жана Сингапур 2017-жылда дүйнөдө мыкты крипто борборлор деп табылды. Мындай рейтинг жасалма интеллект менен чыгарылды.

Мындай жыйынтыкты Криптовалюта жана блокчейн боюнча эл аралык децентрализованной ассоциациясы иликтөөлөрүнүн негизинде чыгарган.

“Рейтингде дүйнөдө крипто борборлордун топ-10дугуна Нью-Йорк, Куала-Лумпур, Сингапур, Лос-Анджелес, Дубай, Жакарта, Гонконг, Сидней, Дели кирди. Ал эми мамлекеттерден АКШ, Индия, Малайзия, Нигерия, Австралия, Канада, Германия, Индонезия, Сингапур, БАЭ бар",-деп жазылган билдирүүдө.
Аталган өлкөлөрдө азырынча криптовалюталар толугу менен мыйзамдаштырыла элек. Антсе криптобиржага шарттар түзүлгөн.

Жогоруда аталган ассоцианын тапшырмасы менен 2017-жылдагы тармактардагы маалыматтар, дүйнөлүк окуялар изилденген. Блокчейн-технология рыногунун өсүшү, “Блокчейн”, “ICO”, “Майнинг”, “Криптовалюта”, “Криптотрейдинг”, “Биткоин”, “Ethereum”, “Санариптик валюта”, “Электрондук акча” боюнча социалдык тармактардагы аудиториялар, видеохостингдер каралган. Бул рейтингди чыгарууга 2017-жылы жарыяланган 10 миллиард булак анализге алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!