Мышыкка 30 миң евро мурас калды

20-Янв. 2018, Ишемби, 13:31

“La Stampa” гезитинин жазгандарына караганда Жерри аттуу мышык Сачиле шаарында жашайт.

Италиянын тургуну өзүнүн мышыгына 30 миң евро мурас калтырды. Ал аял үй жаныбарын турмушундагы “башкы байлыгы” деп эсептеген. Туугандарына бакма жандыктарынан акчасын аябоону, ооруп калса же башка зарылдык болсо антиквариат жана баалуу буюмдарды сатуу керектигин айтып келген.

Көз жумган аялдын кызы апасы мышыгын балдарынан артык көргөнүн айткан.

“Биз анын калоосун, керээзин аткарышыбыз керек. Дайыма бизди бардык жандууларды жакшы көрүүгө үйрөткөн”,-деген ал.

Италиялык аялдын “мураскери” учурда майда чаяндар (креветка) менен тамактанып, төрт түрдүү уктоочу жайда эс алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!