Венесуэладан жарым миллион адам качты

20-Янв. 2018, Ишемби, 13:58

Аталган өлкөнүн 550 миң тургуну кризистен улам өлкөдөн кетип, коңшу Колумбияда баш калкалап жатышат.

Колумбиянын Миграция кызматынын башчысы Кристиан Крюгердин айтымында өткөн жылга салыштырмалуу мигранттардын саны 62 пайыз болуп өскөнүн белгилеген.

“Венесуэладагы абал миңдеген колумбиялыктарды өз жерлерине кайтарды. Аны менен бирге көптөгөн венесуэлалыктар биздин өлкөгө келип, башка жактарга кетүүнүн жолдорун издеп жатышат”,-деген.

Белгиленгендей мигранттардын көбү мыйзамсыз. Алар шаар көчөлөрүнө, парктарга, спорт аянттарына жайгашкан. Качкындардын башкы агымын чек арадагы Кукут шаарчасы кабыл алууда. Ал жактын тургундар коопсуздук боюнча чакырылбаган коноктордун үстүнөн арзыдана баштады.

Венесуэлада социалдык-экономикалык кризис улуттук валютада гиперинфляция, девальвация менен коштолууда. Ошондой эле ачкачылык, дары-дармектин жетишсиздиги көбөйдү. Өкмөткө каршы нааразычылык акцияларда 120дай адам көз жумду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!