Микро толкундуу мештер адамзатка кооптуу

20-Янв. 2018, Ишемби, 14:56

Манчестер университетинин адистери микро толкундуу мештердин айлана-чөйрөгө таасири тууралуу айтты. Евро биримдикте мындай мештер жылына 6,8 миллион машинаныкыны барабар көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарын, бул өлчөмдөгү таштандылар глобалдык жылуулукка таасир этерин белгиледи.

Андан улам окумуштуулар микро толкундуу мештерди утилдештирүү жагына токтолду. Доктор Алехандро Гайего Шмидт “Эгерде ал буюмдар ыргытылса таштандынын башка бардык түрлөрүнөн көп болот”,-деген.

Манчестер университетинин адистери мындай тиричилик буюмдары көп пайдаланыларын белгилеген. Андан улам микро толкундуу мештерди колдонууда тамак-аш даярдоодо азыктарга жараша убакытты тууралоо, бүтөөрү менен мешти толугу менен өчүрүп туруу зарылдыгын кеңеш кылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!